Баланын колун байлап, унаа менен 20 метр аралыкка сүйрөткөн. Окуянын чоо-жайы

09:31, 30 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкекте жаран 9 жашар жээнинин колун байлап, унаа менен 20 метр аралыкка сүйрөткөн. Бул тууралуу күч түзүмдөрүнөн билдиришти. 

Фото

Маалыматка караганда, 27-апрелде Биринчи Май РИИБга «Алтын Казык» жаңы конушунда баланы сабап жатат деген маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге милиция барып, териштирүү ишин жүргүзгөн. Алдын ала алынган маалыматка ылайык, 2010-жылы туулган баланы чоң энесинин үйүнөн акча уурдагандыгы үчүн жакын тууганы Б.С. кармап алган. 

«Ал жээнин тарбиялоо максатында колун байлап, унаасы менен сүйрөткөн. Жабырлануучуну милиция 3-балдар ооруканасына алып келишкен. Учурда ал нейрохирургия бөлүмүндө дарыланууда. Баланын энеси Орусияда иштеп жүрөт», -деп жазылат маалыматта.