22:33
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Балыкчыда митинг аяктады. Катышуучулар акцияны Бишкекте улантууну ниет кылышууда

Балыкчыда уранды казууга каршы болгон митинг аяктады, бирок катышуучулар акцияны Бишкекте улантууну ниет кылышууда. Бул маалыматты 24.kg агенттигине шаардык мэриядан тастыкташты. 

Маалыматка ылайык, митинг аяктады, бирок 300гө жакын киши жөө облустагы экологиялык постко чейин бара тургандарын, андан ары маршруттук унаа менен Бишкекке сапар алышарын айтышкан. Бул билдирүүнү алар мэрияга жана облустук администрацияга билдиришкен. Буга чейин нааразы тарап Бишкекке жөө жетүүнү ниет кылышкан, бирок Балыкчы шаардык соту буга тыюу салган. Анын себебин алар жол кыймылына тоскоолдук жаратат деп ачыкташкан.

Эске салсак,  Кызыл-Омпол кени боюнча «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясына берилген лицензия кайтарып алынып, кенди иштетүүгө толук тыюу салынды.

Буга чейин жергиликтүү тургундар кендин казылышына каршы болушуп, жер-жерлерде чакан митингдер уюштурулган. Өкмөт башчы кен иштетүүчү компаниянын ишмердүүлүгүн, экспертиза чыкканга чейин токтоткондугун айтып чыккан. Бирок, эл буга макул болбой, уран кенинин казылышы биротоло толугу менен токтотулушу керек деген пикирде. Мындан улам, бүгүн Ысык-Көлдөн тургундар жөө жүрүш менен Ак үйдүн алдына келип, өз талаптарын коюшмакчы.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума