Орусиянын Коргоо министрлиги Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө 2 тик учак берди

15:27, 29 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Бүгүн Орусиянын Коргоо министрлиги Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө 2 тик учак жана 9 аскердик чалгындоо жүргүзө турган унаа берди. 

Аскердик техника кайтарымсыз жардам түрүндө берилди. 

Орусиянын Коргоо министри Сергей Шойгу билдиргендей, мындай техника тоолуу шарттарда калк жыш жайгашкан жердин шартында, издөө-куткаруу тапшырмаларын аткаруу боюнча мүмкүнчүлүктү жогорулатат.