Бишкекте бир ай бою ысык суу берилбейт

14:48, 29 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкекте 6-майдан 6-июнга чейин ысык суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка мэр Азиз Суракматов кол койду.

Жыл сайын жаздын акыркы айында профилактикалык иштерди аткаруу үчүн 1 айга ысык суу берүү чектелет.