06:01
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

«Каркыра-унаа жолу» өткөрмө пункту 1-майдан тарта иштей баштайт

Кыргыз-казак чек арасындагы «Каркыра-унаа жолу» өткөрмө пункту 1-майдан тарта иштей баштайт. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган пункт эртең мененки саат 08:00дөн кечки 18:00гө чейин дем алышсыз иштейт.

«Аталган өткөрмө жайдан жарандар менен жеңил унаалар өтө алышат. Ал эми жүк ташуучу унаалар өткөрүлбөйт», -деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Ысык-Көлдүн Түп районунда жайгашкан өткөрмө пункт май-октябрь айлар арасында иштейт.

Эң көп окулган жаңылыктар