Уран кенин чалгындоого лицензияны чакыртып алуу тууралуу документ жарыяланды

09:59, 29 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Интернетке Ысык-Көлдөгү уран кенин чалгындоого лицензияны чакыртып алуу тууралуу документ жарыяланды. Социалдык түйүндүн колдонуучуларын расмий кат бырышкан кагазга жазылганы жана мөөрдүн жоктугу нааразы кылды. 

Фото

Документте 27-апрель деп көрсөтүлгөн, бирок эске салсак, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов лицензияны 25-апрелде кайтарып алынганын айткан.

Өкмөт 24.kg агенттигине документ жасалма эмес экенин, лицензияны чакыртып алганын тастыктады. Расмий катка мөөр коюлбай турганын жана кол коюлуп, номуру жазылса жетиштүү экенин айтышты.