Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы 5 унаа сатып алат

09:30, 29 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы 10 миллион сомго 5 унаа сатып алат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы билдирди.

Унаалар ак түстө болушу керек. Ошондой эле 2019 жылдан мурун чыгарылган болбошу зарыл.

Ар бир унаага 1 миллион 990 миң сомдон бөлүнөт.