17:46, 26 апреля 2019, Бишкек - 24.kg
Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча Азия чемпиону аталды. Бул тууралуу Күрөш бирикмесинин билдиришти.
Маалыматка караганда, балбан кыз 62 килограмм салмак ченинде ат салышып, 3 мелдеште тең ийгиликке жетишти. Финалда ал жапониялык аттандашы менен беттешти.
Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова кечээ аялдар күрөшү боюнча Азия чемпионатында коло медаль тагынган болчу.