17:17, 26 апреля 2019, Бишкек - 24.kg
Кытай Кыргызстандын «Бир алкак — бир жол» платформасын колдоосуна ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу президенти Сооронбай Жээнбекоду ККП Борбордук Комитетинин саясий бюросунун туруктуу комитетинин мүчөсү Ван Хунин менен жолугушуусунда айтылды.
Ван Хунин ШКУнун алкагындагы жана «Бир алкак — бир жол» платформасы боюнча Кытайдын демилгелерин колдогону үчүн ыраазычылык билдирди.
«Форум абдан жогорку деңгээлде өтүп жатат. Ага ондогон мамлекеттердин башчылары катышып жатканы биздин досторубуздун —стратегиялык өнөктөшүбүз Кытайдын эл аралык аренадагы бийик аброюн көрсөтүп турат. Өткөн жылы Кытай реформалар жана ачык-айкындуулук саясатынын 40 жылдыгын белгиледи. Ушул 40 жыл ичинде Кытайдын жетекчилиги жана бардык кытай эли талыкпаган эмгек менен өлкөнү өнүктүрүүдө албан ийгиликтерге жетишти», — деди Сооронбай Жээнбеков.