Ошто эки унаа сүзүшүп, 4 киши жаракат алды

15:17, 26 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Ош шаарында Мамыров менен Э.Алиев көчөлөрүнүн кесилишинде эки унаа сүзүшүп, 4 киши жаракат алды. Бул тууралуу Ош шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка таянсак, кырсыктаган эки унаанын бирөөсү аңтарылып калган.

«Унаадагы 4 жүргүнчү Ош шаардык ооруканасына жеткирилди. Кырсыктан жабыркаган адамдардын абалы жакшы», -деп билдиришти башкармалыктан.

Окуя бүгүн катталган.