14:11
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Тамашоучу Бакыт Осмонканов: Саясатчы болом деген кыялым да, каалоом да жок

«План Б», «Такебай», «Напарниктер», «Ата» тасмаларынын режиссеру, белгилүү тамашоучу Бакыт Осмонканов. Ал «Апамды издеп», «Биртууганчик» жана «Сүйгөн кызымдын кыялындагы каарманы» аттуу тасмалардын сценарийин дагы жазышкан.

Актер жана режиссёр 24.kg агенттигине чыгармачылыгы тууралуу айтып берди. 

Бакыт Осмонкановдун жеке архивинен алынды
Фото Бакыт Осмонкановдун жеке архивинен алынды

 Акыркы убактарда тасма тартууга ыктап жүрөсүз, ушул жаатта билим алгансызбы? Актёр катары тасмага тартылып жүрүп, кадр сыртында, камера артында иштөөгө эмне түрткү болду?

— Атайын режиссёрлук билимим жок, экономика жана эл аралык мамилелер боюнча эки дипломдун ээсимин. Камера аркасына аралашып кетүүмө буга чейин 10 жыл КВНде ойноп, бир канча теледолбоорлорду жаратып, сценарий жазып, аны тартып, алып барып жүргөнүм себеп болду. Биринчи жолу сценарий жазышып кой деп режиссёр Руслан Акун чакырган.  Ошентип, сунуш түшкөндө «Сүйгөн кызымдын кыялындагы каарманы» аттуу тасмага сценарий жазып көрдүк. Тасма эл тарабынан жакшы кабыл алынды. Аркасынан «Биртууганчиктин» сценарийин жазуу боюнча дагы сунуш келди, аны жаратып, баш каармандын ролун ойнодук. Ал тасма азыркыга чейин өзүнүн популярдуулугун жоготпой келет. Эл жакшы кабыл алып атса, тажрыйба жүзүндө үйрөнө берели деп азыркыга чейин тасма айдыңында жүрөбүз. 

— Алдыда дагы жаңы тасма тартуу планыңызда барбы?

— Азыр тамашоучу Жеңиш Майрамбек уулу жана өнөктөшүбүз Адилет Осмоналиев деген таланттуу балдар менен жаңы тасманын сценарийинин үстүндө иштеп жатабыз. Ушул жылы жарыкка чыгып калат.

— «Эки адам» деген долбоорду Жеңиш Майрамбек уулу экөөңүздөр алып барып жүргөнсүз, ал дагы деле уланып атабы?

— Ал долбоор азыркы учурда чыкпай токтоп турат, анткени убактыбыз тар. Мындан 5 жыл мурун башталган долбоордун идеясы режиссёр Сүйүн Откеевге таандык.

— Саясатка кызыгасызбы? Жакында эле Украинада өткөн шайлоодо юморист Владимир Зеленскийдин жогорку пайыздык көрсөткүчкө ээ болушу, Кыргызстанда да «эми куудулдар шайлоого аттанат» деген тамашалуу пикирди жаратты. Сиз президенттикке ат салышат белеңиз?

— Кыскача айтканда мен саясатка кызыкпайм. Саясатчы болом деген кыялым да, каалоом да жок. Жаратмандык кесиптин ээси болгум келет. Саясатта андай нерсе жок.

— Комедия жанрына басым жасайсыз,  мелодрама, боевик, мюзикл сыяктуу башка жанрда тасма тартуу планыңызда барбы?

— Комедия жанрына басым жасаган себебим, бул билген нерсем. Күлкү долбоорлорду жаратып канча жылдан бери КВНде да ойноп келдим.

Анын үстүнө өлкөдө абал оор, элге жакшы маанай тартуулап, аларды күлкүгө бөлөгүбүз келет.

Бирок, мындан туура эки жыл мурун комедия жанрынан четтеп «Ата» деген драма жанрында тасма жараттым. Бул эксперимент катары болду, көпчүлүктөн жакшы пикирлерди уктум. 
Бакыт Осмонкановдун жеке архивинен алынды
Фото Бакыт Осмонкановдун жеке архивинен алынды

— Азыркы көрүүчүлөрдү күлдүрүш, таң калтырыш оңойбу? Сиз кандай ыкмаларды колдоносуз?

— Негизи элди ыйлатканга караганда күлдүргөн оор, комедия жанрын эң оор жанр деп атасак болот. «Желмогуздар корпорациясы» дегенди көрсөңүздөр керек, андан элди коркутуш, ыйлатыш оңой нерсе экенин аңдоого болот. Комедия жаратуу — оор нерсе. Азыр эл тандап калган заман, мурункудай бир жылда бир тасма жарыкка чыгып, ага көрөрмандар бара берген учур эмес.

Тасмаларда жашоодон эле алынган окуяларды чагылдырабыз, күлкү, сатира формасына айландырабыз. Калганын эл өзү таразалап алат. 

Бакыт Осмонкановдун жеке архивинен алынды
Фото Бакыт Осмонкановдун жеке архивинен алынды

— Тамашоучу балдар арасында атаандаштык барбы?

— Атаандаштык жок, тескерисинче бири-бирибизге жардам берип колдойбуз. Анын үстүнө ар бирибиз ар кайсы тармакта: алып баруучу, режиссёр, тамада, ролик, долбоор жаратуучу болуп эмгектенебиз. Атаандашууга негиз жок, ортобузда бир гана ынтымак бар.

Негизи менен орус тилдүү КВНде ойноп, анан кыргыз тилимди жакшыртайын деп «Тамашоуго» өткөнмүн. Мурда орус тилдүү чөйрөдө той алып барып жүрчүмүн. Кыргызча ойноп көрөйүн деп келип, командадан капитанга чейин жеттим. «Тамашоу» жеке эле мага эмес, башка балдарга жакшы стимул болду.

Эң көп окулган жаңылыктар