Ысык-Көлдөгү рейдде мас абалда унаа башкарган 6 айдоочу аныкталды

12:27, 26 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы «Жөө жүргүнчү» жана «Фуражка» аталышындагы рейд өткөрүп жатышат. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, рейддин алкагында 230 айдоочуга протокол түзүлгөн, анын ичинен 6 айдоочу мас абалында болгон.

Мас абалында рулга отургандардын унаалары убактылуу токтотуучу жайга киргизилип, айып салынды.