10:49
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Бишкекте уран казууга каршы митинг өтүүдө

Жогорку Кеңештин имаратынын алдында уран казууга каршы митинг өтүүдө. 

Аталаган жайга 50дөн ашуун киши чогулган, коомдук тартипти милиция көзөмөлдөп жатат.

Тарыхчы Элери Битикчинин айтымында, алар урандын казылышына толугу менен тыюу салууну талап кылышууда. Нааразы тарап жөн гана мораторий киргизүүгө макул эмес. 

«Балким азыр урандын казылышын токтотуп коюу- бул жөн гана шылтоо. Мораторий-бул белгилүү бир гана убакыт», -деди ал.

Эске салсак, кечээ Кызыл-Омпол кени боюнча «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясына берилген лицензия кайтарып алынып, кенди иштетүүгө толук тыюу салынды.

Буга чейин жергиликтүү тургундар кендин казылышына каршы болушуп, жер-жерлерде чакан митингдер уюштурулган. Өкмөт башчы кен иштетүүчү компаниянын ишмердүүлүгүн, экспертиза чыкканга чейин токтоткондугун айтып чыккан. Бирок, эл буга макул болбой, уран кенинин казылышы биротоло толугу менен токтотулушу керек деген пикирде. Мындан улам, бүгүн Ысык-Көлдөн тургундар жөө жүрүш менен Ак үйдүн алдына келип, өз талаптарын коюшмакчы. 

Эң көп окулган жаңылыктар