Мээрим Жуманазарова аялдар күрөшү боюнча Азия чемпионатында коло медаль тагынды

10:16, 26 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова кечээ аялдар күрөшү боюнча Азия чемпионатында коло медаль тагынды. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш бирикмесинин билдиришти. 

Фото

Иш-чара Кытайда өтүүдө. Мээрим Жуманазарова 68 килограмм салмак ченинде ат салышып, коло медаль үчүн казакстандык балбан Ирина Казюлина менен беттешти. 

Эске салсак, былтыркы Азия чемпионатында Мээрим коло медаль алган болчу.

Бүгүнкү иш-чарада 62 килограмм салмак ченинде балбан кыз Айсулуу Тыныбекова беттешке чыгат.