10:01, 26 апреля 2019, Бишкек - 24.kg
Жалал-Абадда аялдардын диний радикалдашуусу күчөөдө. Бул тууралуу аймактык Ички иштер башкармалыгы билдирет.
Маалыматка караганда, чет өлкөлөрдөн трансформацияланган диний экстремисттик уюмдардын таасири менен аймакта диний радикалдашуу өнүгүүдө.
«Жаштардын жана аялдардын диний радикалдашуусу күчөп бараткандыгы, дин тутунган аялдардын, өзгөчө жеке үйлөрдө окуган, ар түрдүү топторго биригип алып диний таалим алып жаткан кыз-келиндердин бар экендиги айгинеленүүдө», — дейт облустук милиция.
Сириядагы согушка катышуу үчүн кеткен Кыргызстандык жарандардын 20 пайызын кыз-келиндер түзөт.
Аймактык ички иштер башкармалыгы кыз-келиндер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.