22:41
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Сооронбай Жээнбеков Пекинде «Бир алкак — бир жол» форумуна катышат

Бүгүн Пекин шаарында «Бир алкак — бир жол» эл аралык кызматташтыктын экинчи форуму өтөт. Ага катышуу үчүн кечээ президент Сооронбай Жээнбеков Кытайга келди.

Форумга 187 өлкөнүн өкүлдөрү катышат. Борбордук Азия өлкөлөрүнүн президенттери келишти. Жыйында Россиянын башчысы Владимир Путиндин сөзү күтүлөт.

Сооронбай Жээнбеков иш сапардын алкагында «Дүйнөлүк бак өстүрүү — 2019» көргөзмөсүндө болуп, Кытай башчылары менен жолугат.

Эң көп окулган жаңылыктар