14:42, 25 апреля 2019, Бишкек - 24.kg
Жогорку Кеңеш өкмөттүн ишин канааттандыраарлык деп тапты. Мындай чечим бүгүнкү отурумда кабыл алынды.
Депутаттар эки күн бою өкмөт башчыга суроолорду берип, жалпы ойлорун билдиришти. Алардын пикиринде, өкмөт канааттандыраарлык иштеди, бирок реформага муктаж.
Депутат Исхак Масалиев өкмөттүн отчетун канааттандырган жок деп таанууну сунуш кылды, бирок анын кесиптештери колдошкон жок.