Арипов Өзбек желегин жайылтуу үчүн Фейсбукта челленж өткөрүүнү, ага Шахзода жана Райхон сыяктуу ырчыларды тартууну тапшырды. Акция эстрада өкүлдөрүнө гана эмес, спортчулар, чечендер жана окумуштууларга да сунушталды.
Өзбекстан өкмөт башчысы 9-май Эскерүү жана Урмат көрсөтүү күнүнө карата георгий лентасынын ордуна Өзбекстан желегинин түсүндөгү 100 миң тасма таратууга буйрук берди. «Бул расмий иш-чара эмес, андыктан ал элди чындап бириктириши керек », — деди Арипов.
Өзбек тарыхчыларынын бир бөлүгү Орусия падышачылыгынын баскынчылыгы тушунда көптөгөн генералдар жана офицерлер ордендер жана Ыйык Георгий тасмасы менен сыйланышканын ырастап келишет. Орус армиясынын генералдарына жана офицерлерине ыйгарылган медалдарда басып алынган өзбек шаарларынын сүрөттөрү жайгашканы жана бул медалдарга Ыйык Георгий тасмасы бекитилгени айтылат. Буга байланыштуу өзбек коомчулугунун бир бөлүгү георгий тасмаларына каршы.
Мындан тышкары 9-май Эскерүү жана Урмат көрсөтүү күнүнө карата Экинчи дүйнөлүк согуштун катышуучуларына жана майыптарына 7 500 000 сумдан (900 доллар) сый акы берилет. Расмий маалыматтарга караганда, Өзбекстанда Экинчи дүйнөлүк согуштун 878 ардагери бар.