Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу ШИИББдан билдиришти.
Милицияга арызданып А.М. аттуу жаран кайрылган. Ал эмерек жасап берем деп анын ишенимине кирип, 70 миң сом акча алып качып кеткен Э.А. га карата чара көрүүнү суранган.
Окуяга шектүү жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Анын башка кылмыштарга тиешеси бары же жогу аныкталууда.