Сокулукта үй өрттөнүп, кожоюну каза тапты

11:54, 25 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Төмөнкү-Чүй айылында үй өрттөнүп, 85 жаштагы адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсыктын кесепетинен жалпы аянты 59 чарчы метр үй толугу менен күйүп кетти. Анда 1934-жылы туулган үй ээси П.А. каза болгон.

Учурда кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.