Хашим Зайналиев Кыргызстандан чыгып кетти

09:48, 25 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Элдик табып Хашим Зайналиев Кыргызстандан чыгып кетти. Бул тууралуу анын жакындары маалымдашты.

Хашим Зайналиев үй-бүлөсү Оман республикасынын бийлигинин чакыруусу менен көчүп кетти.

Белгилей кетсек, Хашим Зайналиевге Бишкек шаардык соту элди дарылоого тыюу салган. Анын менчик клиникасында бир нече жолу адам өлүмү катталган.