Чүй облусунда жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп кеткен айдоочу кармалды

09:47, 25 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Чүй облусунда жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу ОИИББнын басма сөз кызматы билдириди.

Маалыматка ылайык, окуя 15-апрелде Бишкек-Кордай унаа жолунда катталган. Айдоочу кырсык болгон жайдан качып кеткен.

«Ленин айылынын 71 жаштагы тургуну алган жаракатынан улам көз жумган. Иликтөө иштеринин негизинде шектүүнүн аты-жөнү аныкталган. Ал Васильевка айылынын тургуну болуп чыкты. Унаасы айып төлөөчү жайга киргизилди», -деп билдиришти ИИББдан.