Чукул билдирүү. Үч саат аралыгында катуу шамал күтүлөт

16:27, 24 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Жакынкы 3 саат аралыгында жана түнкүсүн Бишкек шаарында, Чүй өрөөнүндө болжол менен ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш маалымдады.