Баткенде кудуктун 21 даана темир капкагын уурдаган киши кармалды

13:50, 24 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Баткен районунда бир түндө таза суу топтолуучу кудуктун 21 даана темир капкагын уурдап кеткен киши кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя Кара-Булак айыл аймагынын Бужум айылында болгон.

Баткен РИИБнын кызматкерлери окуяга шектелген 41 жаштагы тургунду кармашты. Анын үйүнөн аталган кудуктардын капкактары табылды.

Учурда факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.