Жалал-Абад шаарында мончо өрттөндү

12:22, 24 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Жалал-Абад шаарындагы мончодон өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык шаардык Жеңиш кичи районундагы мончодо чыккан. Анын кесепетинен имараттын 24 чарчы метр чатыры күйгөн.

Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.