Экономика министрлигинен бомба эмес, таштанды табылды

12:01, 24 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Экономика министрлигинин имаратынын алдында ташталган баштыктан бомба табылган жок. Бул тууралуу укук коргоо органдары билдиришти.

Баштыктын ичине таштанды салынган.

Мекеменин кароолу камерадан имараттын алдына белгисиз киши баштыкты коюп кеткенин көргөн. Ал дароо милицияга кабарлаган. Милиция жардыруучу зат издеп, имаратты курчоого алган.