11:56, 24 апреля 2019, Бишкек - 24.kg
Баткенде бир түндө айыл көчөлөрүнүн 21 темир капкагын уурдагандар кармалды. Бул тууралуу аймактын Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, 15-апрель түнү Баткен районунун Кара-Булак айыл аймагынын Бужум айылында жайгашкан таза суу топтолуучу кудуктун 21 даана темир капкактары уурдалган.
Баткен шаарынын 41 жаштагы тургунун үйүнөн кудуктун капкактарын табылды.