11:11, 24 апреля 2019, Бишкек - 24.kg
Ырчы Айдана Дека instagram баракчасына жазылгандардын суроолоруна жооп берди.
Көпчүлүк андан эмнеге жоолук салынбай калганын сурашкан.
«Салынып эле жүрөм. Жоолук менен түшкөн сурөт чыгарбасам эле салынбай калды деп ойлосуздарбы?», — деп жооп берди ырчы.
Күйөрмандары жаш келин жок дегенде 2-3 ай жоолукту баштан түшүрбөй жүрөрүн эскертишкен.
Айдана Дека менен Аваз Акимов март айында баш кошушкан.