Бишкек—Ош унаа жолунда 2 унаа кагышты

09:06, 24 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкек—Ош унаа жолунун 410-чакырымында 2 унаа кагышты. Бул тууралуу Кара-Көл шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Сузак районунун 1994-жылы туулган тургуну «Хендай Гетц» үлгүсүндөгү унаасын башкарып бара жатып, карама-каршы тилкеде келе жаткан «Хонда СРВ» үлгүсүндөгү унааны сүзүп алган.

Кырсыкта жабыркагандар катталган жок.