14:51
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

Өзбекстан мигрант жарандарын атайын автобустар менен чет өлкөгө жеткирип турат

Өзбекстан жалпы баасы дээрлик 20 миллион долларга жеткен автобустардын ири партиясын сатып алууга ниеттенип жатат.

Маалыматтарга караганда, автобустар Кытайдын мамлекеттик банкы тарабынан бериле турган 19,9 миллион доллар өлчөмүндөгү карыз акчага алынат.

Азырынча автобустар кайсыл өлкөдөн жана канча санда сатылып алына тургандыгы белгисиз. Бирок жергиликтүү ЖМКлар алар Кытайдын өндүрүшүндө болот деп болжолдоп жатышат.

Бул сатып алуунун негизги максаттарынын бири «убактылуу иштөө үчүн башка өлкөгө кетип жаткан өзбек жарандарынын жолдогу коопсуздугун камсыздоо жана жол кырсыктарынын алдын алуу болуп эсептелет».

Жаңы автобустар келгенден кийин 30 эл аралык жаңы каттам ачылып, алар аркылуу жылына 818 миң адам ташылат деп пландалууда.

Акыркы жылдары коңшу өлкөлөрдө өзбек жарандары бараткан автобустар ири кырсыктарга кабылган бир нече учур катталган. Алардын көбүндө айдоочулар мыйзамсыз иштеп жүргөнү, транспорт каражаттары техникалык кароодон өткөрүлбөгөнү жана абалдары начар экендиги айтылган.

Эң көп окулган жаңылыктар