13:32
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Эмомали Рахмон интернеттин баасын жогорулатуу тууралуу буйрукту жокко чыгарды

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өлкөдөгү мобилдик интернеттин баасын көтөрүү тууралуу Монополияга каршы кызматтын буйругун жокко чыгарды.

Президенттин басма сөз катчысы Абдулфаттох Шарифзода билдиргендей, мамлекет башчы муну менен катар интернет менен мобилдик байланышты кымбаттатууга күнөөлүү адамдарды катуу жазалоо тапшырмасын дагы берди.

Тажик өкмөтүнүн алдындагы Монополияга каршы кызмат 4-марттагы буйругу менен өлкөдөгү мобилдик операторлорду 1 Мб интернеттин баасын 5 дирамдан кем кылбоого милдеттендирген. Буга чейин 30-35 сомониден сатылып келген 1 Гб (1024 Мб) интернет 18-апрелден тарта 62 сомониге жогорулаган.

Мекеменин бул чечими социалдык түйүн колдонуучуларынын нааразылыгын жараткан. Анда көптөгөн пикирлер менен катар эле мобилдик компанияларга бойкот жарыялоо жана Душанбеде нааразылык акциясын өткөрүү чакырыктары дагы айтылган.

Эң көп окулган жаңылыктар