Өмүрбек Текебаевдин ишин кароо 3-майга жылды

17:18, 23 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

«Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин кароо 3-майга жылдырылды.

Бүгүн Жогорку Сотко жаңы кодекстерге байланыштуу Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши кайра карала баштады. Прокуратура өкүлдөрү иш менен танышууга убакыт сурап, 3-майга жылды.

Партия өкүлдөрү бул жага берген жок. Алар иштин кийинкиге жылдырышын Өмүрбек Текебаевдин азаттыгына тоскоолдук катары кабыл алышты.