16:05
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

ӨКМ: Үч ай ичинде өрт кырсыктарынын саны 19,1 пайызга азайган

2019-жылдын үч ай ичинде республика боюнча 766 өрт кырсыгы катталып (2018-ж. 947), өткөн жылга салыштырмалуу өрт кырсыктарынын саны 19,1 пайызга азайган. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка таянсак, өрттөн 19 адам каза таап (2018-жылы 28 адам), 18 адам жабыркаган. Анын ичинде — 2 жаш бала бар.

Өрттөн 25 адамдын өмүрү жана 478 миллион сомдон ашык товардык материалдык баалуулуктар сакталып калган.

Өрттөрдүн негизги себептери: отко этиятсыздык менен мамиле кылуу 9,9 пайыз, электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан 36,8 пайыз, мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда 0,5 пайыз, балдардын от менен ойноосунан 6,3 пайыз өрт кырсыгы болду.

Өрттүн басымдуу бөлүгү Чүй облусунда (184) катталып, 7 адам каза болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар