Бул жылы жалпы балдар кылмыштуулугу 36 пайызга азайды

17:55, 23 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Былтыркы жылдагы көрсөткүчтөргө салыштырмалуу быйылкы жылдын үч айында жалпы балдар кылмыштуулугу 36 пайызга же 425тен 272 азайды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, жашы жете электер арасындагы өзүн-өзү өлтүрүү учурлары (суицид) 26,9 пайыз же 26дан 19га аз катталды. Алардын ичинен 15 уул балдар жана 4 кыз суицидге барган.

«Өзүн-өзү өлтүрүүлөрдүн негизги себеби, бул ата-энеси же туугандары менен болгон келишпестик, оорунун кесепетинен, жоопсуз сүйүүдөн же ата-энелер же мугалимдер тарабынан балдардын үй-бүлөөдөгү жана турмуштагы көйгөйлөрүнө жеткиликтүү көңүл бурбоо, алардын психикасына терс таасирин тийгизүүдө», -деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле дайынсыз жоголгон жашы жете электерди издөө иштери жүргүзүлүүдө. 2019-жылдын 3 айында издөөдө 70 жашы жете элек жүргөн болсо, алардын 68и табылып ата-энесине кайтарылган. Азыр 2 өспүрүм изделүүдө.

Эске салсак, республиканын жашы жете элек калкы 2 милион 312 миңден ашуун же республиканын жалпы калкынын санынын 37 пайызын түзөт.