«Коопсуз шаар». 19 байкоочу камера четки айылдарга орнотулду

14:20, 23 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында 19 байкоочу камера чет жактарга орнотулду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине «Вега» компаниясынан билдиришти.

Учурда камераларды орнотуу иштери уланууда. Жумуш 24-апрелде аяктайт. Андан соң комиссия ишти качан баштай турганын чечет.

Камералар орнотула турган жайлар:

— Пригородное айылында, 9-чакырымда;

— Достук айылына бурулган жерде, ;

— «Манас» аба майданына бараткан жолдо, 13-чакырымда;

— Ак-Жол айылында, ;

— Манас айылынын борборунда ;

— Манас айылындагы «Ак-Жол» май куючу жайда, ;

Ошондой эле «Манас» аба майданында , Ленин айылынын айрым көчөлөрүндө, Токмок шаарында, Сайлык, Чым-Коргон, Искра, Жаңы-Алыш, Алга айылдарында жана Кемин шаарчасында камера иштеп баштайт.