Бишкекте баңгизат боюнча иштеген топ кармалды

12:25, 23 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда психотроптук заттарды Борбор Азияга туруктуу ташып жана сатып баңгизат боюнча иштеген топ кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 20-апрелинде баңгизаттарын таратып жүрөт деген шек менен ИИМ академиясынын 19 жаштагы курсанты менен Улуттук университеттин 2-курсунун 20 жаштагы студенти кармалды.

Текшерүү маалында курсанттын жанынан психотроптук заттардын бири — спайс табылган. Анын көлөмү 1 килограмм 75 грамм болуп чыкты.

«Аталган көлөмдү эгерде көмүскө базарга алып чыкканда суммасы 3 миллион сомго жетет», — деп айтылат маалыматта.