Президенттин санариптешүү боюнча сөзү Баткен, Жалал-Абад жетекчилерин уктатты

11:31, 23 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Ош шаарында «Санарип Кыргызстан: региондорду өнүктүрүү» биринчи телекоммуникациялык форумунда бир катар аткаминерлер уктап олтурган сүрөтү таркатылууда.

Сүрөттөр өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Акрам Мадумаров жана Жалал-Абад облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев уктап олтурушат.

Фото

Бул жыйында президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнү санариптешүү боюнча маалымат берип, алдыдагы пландарды белгилеген.  Айрымдар сүрөттөр жыйын башталганча тартылганын жазышууда. 

Белгилей кетсек, 2019-жыл Санариптештирүү жана аймактарды өнүктүрүү жылы жеп жарыяланган.