Бишкектеги батирлердин биринен эркек кишинин сөөгү табылды

11:19, 23 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги батирлердин биринен 41 жаштагы эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, 22-апрелде болжол менен саат 21:35тер чамасында ӨКМдин куткаруучулары Токтогул көчөсүндөгү № 93 көп кабаттуу үйдүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Батирдин ичинен 1978-жылкы И.В., аттуу адамдын сөөгү табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.