Садыр Жапаровдун кылмыш ишин соттун жаңы курамы карайт

10:51, 23 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Жогорку соттун соттук коллегиясы Садыр Жапаровдун жактоочусунун Судья Лепес Темирбековго ишенбестик көрсөткөнү боюнча өтүнүчүн канааттандырды.

Лепес Темирбеков ишти кароодон четтетилди. Соттук коллегиянын жаңы курамы түзүлүп, кийинки отурум 30-апрелге жылдырылды.

Эске салсак, бүгүн Жогорку сотто экс-депутаттын мөөнөтүн кыскартуу каралмак. 

Садыр Жапаровду 2017-жылы Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 11 жарым жылга эркинен ажыратты. Ал 2013-жылы Каракол шаарындагы «Кумтөр» кенине каршы митингде губернатор Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштургандыгы үчүн «башаламандык», «барымтага алуу» беренелери менен күнөөлүү деп табылган.

Садыр Жапаров 2017-жылдын 25-мартта кармалган. Ошол эле күнү УКМКнын алдындагы митингде анын бир тууганы жана уулу болуп 12 адам камоого алынган.