Бишкекте экс-депутат Садыр Жапаровду колдоо максатында митинг өтүп жатат

10:30, 23 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкекте Жогорку соттун имаратынын алдында экс-депутат Садыр Жапаровду колдоо максатында митинг өтүп жатат. 

Фото

150гө жакын тарапташтары Садыр Жапаровду эркиндикке кое берүүнү талап кылышууда. Алардын айтымында, экс-депутат дайыма жемкорлук менен күрөшүп, экологияга кам көрүп келген.

«Эгерде соттор тозоктон коркушса, анда адилеттүү чечим чыгарсын», -деди нааразы болгон аял. 

Бүгүн Жогорку сотто экс-депутаттын мөөнөтүн кыскартуу каралууда.