12:42
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Өлкө аймагында алдыңкы 5 күндө күтүлгөн аба-ырайы

23-апрелде Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

24-25-апрелде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 25-апрелде түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Жалал-Абад, Ош облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 24-апрелде кээ бир райондордо шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

26-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо, 26-апрелде күндүз жана 27-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан жаашы, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

 
Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби
24-апрель, шаршемби