Эртең Бишкектин айрым райондорунда муздак суу берилбейт

17:10, 22 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Эртең Бишкектин айрым райондорунда муздак суу берүү чектелет. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Батыш-2» суу тосмосунда оңдоо иштери болгондуктан, муздак суу саат 9дан кечки алтыга чейин Фучик, Фрунзе көчөлөрү жана Манас проспектиси менен кесилген аймактарда чектелет.

Мэрия жарандардан сууну мол камдап алууну суранат.