Адахан Мадумаров: Сооронбай Жээнбеков элдик президент боло албайт

15:27, 22 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

«Сооронбай Жээнбеков элдик президент боло албайт» — деп «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров маалымат жыйында билдирди.

Ал өлкө башчысы мунапыс берүүнү кечеңдеткенин сынга алды.

«Шайлоодон кийин мунапыс жарыялаш керек болчу. Мына Шавкат Мирзиеев мунапыс жарыялап 1,5 миң кишиге азаттык берди. Жээнбеков түрмөнүн менчикке айлантып, «мен айткан чыгат, башка чыкпайт» деп олтурат», — деди Адахан Мадумаров.

Адахан Мадумаровдун пикиринде, Сооронбай Жээнбековдун бийлиги алгылыктуу иш жасай албайт.

«Ал үчүн мен 5 жыл күтүп олтурбайм. Мен башында эле айтканмын. Дагы айтамын. Бул бийликтен колунан иш келбейт», — дейт ал.