11:59
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Балыкчыда 30 жаштагы эркек киши 6-класстын окуучусун зордуктады

Балыкчыда 30 жаштагы эркек киши 6-класстын окуучусун зордуктады. Бул тууралуу 24.kg агенттигине укук коргоо органдарынан билдиришти.

Кармалган жаран тергөө абагына киргизилди.

«Айыпталуучу күнөөнү мойнуна алды. Ал 12 жашар кызды март айында зордуктаганы маалым болду. Өспүрүм окуя тууралуу ата-энесине бир айдан кийин айткан. Алдын ала алынган маалыматка ылайык, шектүү кызга жаңы буюмдарды көрсөтөм деп шылтоо айтып үйүнө ээрчитип келип зордуктаган», -деп айтылат маалыматта.

Учурда керектүү экспертиза дайындалды.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби