Президент коомчулукту шашылыш жыйынтык чыгарбоого чакырды

14:32, 22 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков жарандык секторду шашылыш жыйынтык чыгарбоого чакырды. Бул тууралуу ал Ош шаарында «Санарип Кыргызстан: региондорду өнүктүрүү» биринчи телекоммуникациялык форумунда билдирди.

Президент жарандык сектордун ой-пикирине чоң сый-урмат менен мамиле кыларын белгиледи.

«Эми азыр паспорт тендери да ызы-чуу жаратты, эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурду. Ошондуктан, мыйзам базасын жакшыртып, коррупциялык элементтери болсо, алып салуу керек. Азыр парламент сатып алуулар тууралуу мыйзам долбоорун карап жатат. Тендер жараянынын ачыктыгын жана аларга карата ишенимди жогорулатуу зарыл», — деди президент.