14:32, 22 апреля 2019, Бишкек - 24.kg
Президент Сооронбай Жээнбеков жарандык секторду шашылыш жыйынтык чыгарбоого чакырды. Бул тууралуу ал Ош шаарында «Санарип Кыргызстан: региондорду өнүктүрүү» биринчи телекоммуникациялык форумунда билдирди.
Президент жарандык сектордун ой-пикирине чоң сый-урмат менен мамиле кыларын белгиледи.