Кендеги чалгындоо иштерин «Юразия в Кыргызстане» ЖЧКсы Орусия менен Кыргызстандын биргелешкен компаниясы болуп саналат. Анын 60 пайызына орустар ээлик кылса, 40 пайызы Кыргызстанга таандык.
Кенди чалгындоого лицензия 2010-жылы алынган. Чалгындоо иши 2012-жылы башталган. Лицензиянын мөөнөтү 2020-жылы, 31-декабрда бүтөт. 2015-жылы Кызыл-Омполдун «Таш-Булак» тоо-кен участкасы мамлекеттик баланска коюлган. Анда 1632 тонна уран, 3338 тонна торий, 33800 тонна цирконий жана 4102 тонна титан магнитинин запасы бар экени аныкталган.