15:13
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Уран казуу иштери. Милиция элди чагымчылдыкка алдырбоого чакырат

Ысык-Көлдөгү Таш-Булак уран кенинде ведомстволор аралык комиссия жергиликтүү эл менен кезигет. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кызыл-Омпол айылында жана уран кенинде кырдаал туруктуу.

«Ысык-Көл ОИИББсы элди чагымчылдыкка алдырбоого чакырат. Жалган маалымат тараткандар жоопко тартылат», -деп билдиришти башкармалыктан.

Буга чейин социалдык түйүндөрдө активисттер Таш-Булак кенине кетчү жолду тосо тургандыгы жарыяланган.

Белгилей кетсек, уран кенин казуу иштерин иликтөө боюнча өкмөттүк комиссия түзүлдү. Комиссия курамына министрлер, мекеме жетекчилери, өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү, аким, тийиштүү айыл өкмөт башчылары болуп 20дай киши кирген. Ага Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эмил Осмонбетов төрагалык кылат.

Кендеги чалгындоо иштерин «Юразия в Кыргызстане» ЖЧКсы Орусия менен Кыргызстандын биргелешкен компаниясы болуп саналат. Анын 60 пайызына орустар ээлик кылса, 40 пайызы Кыргызстанга таандык.

Кенди чалгындоого лицензия 2010-жылы алынган. Чалгындоо иши 2012-жылы башталган. Лицензиянын мөөнөтү 2020-жылы, 31-декабрда бүтөт. 2015-жылы Кызыл-Омполдун «Таш-Булак» тоо-кен участкасы мамлекеттик баланска коюлган. Анда 1632 тонна уран, 3338 тонна торий, 33800 тонна цирконий жана 4102 тонна титан магнитинин запасы бар экени аныкталган.

Эң көп окулган жаңылыктар