Эртең Бишкек-Торугарт унаа жолу жабылат

10:28, 22 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Эртең Бишкек-Торугарт (эски жол) унаа жолунун 108-чакырымында жардыруу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «НК «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, саат 8ден 22:00гө чейин жолдун 103-117-чакырымында унаа кыймылына чектөө киргизилет.

Унаалар айланма жол аркылуу өтсө болот.