Бишкекте катталган жол кырсыгында айдоочу жаракат алды

09:26, 22 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкекте катталган жол кырсыгында айдоочу жаракат алды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн саат 3:30дар чамасында катталды.

«Honda CRV» үлгүсүндөгү унаа Лев Толстой көчөсү менен бара жатып жолдун четиндеги тосмону сүзүп алган. Кесепетинен унаа көпүрөдөн учуп кеткен, ал эми айдоочусу ооруканага жеткирилди.